Бишкекте бангладештик жигит мекендештерин алдоого шектелип кармалды
Бишкекте 22 жаштагы бангладештик жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга Бангладештин 9 жараны арыз менен кайрылган. Алар өз өлкөсүндөгү туугандарына акча жеткирүү милдетин алган мекендеши алдап кеткенин айтышкан. Келтирилген жалпы зыяндын суммасы 1 миллион сомдон ашат.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















