Эл аралык террордук уюмдарга байланышы бар делген жаран кармалды
Эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат ал террордук уюмдардын идеологиясын жана Борбордук Азия аймагында халифат түзүү идеясын колдоп келгенин белгилейт. Шектүү чет өлкөдө иштеп жүргөндө террордук ишмердүүлүктү каржылоо менен алектенген эл аралык террордук уюмдардын идеологдорунун таасирине кабылган. Андыктан ал согуш жүрүп жаткан чет мамлекеттин аймактарынын бирине чыгып кетүүнү жана мурда КМШ өлкөлөрүндө резонанстуу террордук актыларды уюштурган эл аралык террордук уюмдун башчысына кошулууну пландаган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Эл аралык террордук уюмдарга байланышы бар делген жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















