Колунда темир буюм... Бишкекте унаа жолдо чыр салган жаран кармалды
Бишкекте унаа жолдо өзүн агрессивдүү алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29 жаштагы жаран Фучик көчөсүндө колуна темир буюмду кармап алып, башка жаран менен мушташууга аракет кылып, коомдук тартипти одоно бузган.
Аталган факт боюнча ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлгөн. Шектүү райондук сот тарабынан 5 суткага камакка алынган.
Бишкекте унаа жолдо чыр салган жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















