super.kg logo
  Саясат  

БШК талапкер Айдарбековдун каттоосун жокко чыгарды

 
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Чыңгыз Айдарбековдун Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигинен баш тартуу тууралуу жазган арызын карады. Натыйжада, БШК мүчөлөрү анын каттоосун жокко чыгарышты.
Мунун алдында Чыңгыз Айдарбеков билдирүү жасаган. Буга чейин ИИМ Айдарбековго элчи болуп жүргөндө мыйзам бузууларга барген деген негиз менен кылмыш иши ачылганын билдирген. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Айта кетсек, 10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалган. Анын ордуна №21 шайлоо округу боюнча Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши керек болчу. Бирок мандат берүү кечеңдеп, муну БШК Айдарбековго байланыштуу ИИМден тиешелүү маалымат күтүп жатканы менен түшүндүргөн. Айдарбеков БШК ага депутаттык мандатты негизсиз бербей жатканын айтып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: