Депутат "Баатыр эне" наамын берүүнү жөнөкөйлөтүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев парламенттин 23-апрелдеги жыйынында "Баатыр эне" орденин алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.
Жыйында "Баатыр энелердин" балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү демилгеси каралып жаткан.
Токтом долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Нуржамал Төрөбекова бул орденди алуу үчүн керектүү документтерди тизмектеди:
- Ар бир баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Нике тууралуу күбөлүк;
- Соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Кылычбаев документтердин арасынан күбөлүктөрдү нотариус аркылуу күбөлөндүрүүнү алып коюуну сунуштады.
"Күбөлүктөрдү нотариус тарабынан күбөлөндүрүүнү жөн эле койсо, кандай болот? Ишти кайра көбөйтүп жатпайбызбы. Эне баланы карайбы же нотаруска чуркап жүрөбү?",- деди депутат.
Баатыр эне наамын алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү сунушталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















