Кызык болгон... УКМК бомба тууралуу жалган маалымат тараткан жаранды кармады
"Евразия" соода борборуна бомба коюлганы тууралуу атайылап жалган маалымат берген деген шек менен Ж.У. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик агенттиги билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал кылмышын жашыруу жана анонимдүүлүктү сактоо үчүн башка SIM-карталар менен ачылган аккаунттар аркылуу мессенжерлерге жалган маалымат тараткан. Ал башка SIM-карталарга катталган акаунттарды Telegram мессежериндеги каналдарынан сатып алган.
УКМК шектүү мыйзамсыз аракетин укук коргоо органдары кандай реакция кылышарына кызыгып жасаганын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















