Чаткалда таш кулап, айдоочу каза болду
Жалал-Абаддын Чаткал районундагы аскадан таш кулап, оор жүк ташуучу унаанын 40 жаштагы айдоочусу каза болду. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 26-апрелде Терек-Сай айылында болгон. "Эти Бакыр Терексай" ишканасынын аймагында аскадан кулаган таш Volvo үлгүсүндөгү унааны басып калган.
Жерине барган 3 куткаруучу каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















