super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкерине пара берүү аракети токтотулду

 

Бишкек шаарында милиция кызматкерине пара берүү аракети токтотулуп, шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин РИИБинин кызматкерлери ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте 1994-жылы туулган Ш.С. аттуу жаранды кармашты.

Тергөөдө аныкталгандай, шектүү оор кылмыштар боюнча жоопкерчиликтен качуу максатында милиция кызматкерине акча сунуштаган. Бирок кызматкер бул тууралуу дароо жетекчиликке билдирип, натыйжада шектүү пара берип жаткан учурда кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Укук коргоо органдары жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, кызмат адамдарына пара берүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.

Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: