super.kg logo

Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды таратканга шектүү аял кармалды

 

Бишкек ШИИББинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, 5-майда борбор калаада белгисиз адам “закладка” ыкмасы аркылуу синтетикалык баңгизаттарды таратып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 1988-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан кара түстөгү термо-пленкага оролгон 43 таңгак синтетикалык баңгизат табылган.

Мындан тышкары, шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде мурда катылган “закладкалар” табылып, дагы 50 таңгак алынган. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 93 таңгак синтетикалык баңгизат алынганы белгилүү болду.

Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: