super.kg logo

Бишкекте мас абалында унаа башкарган айдоочунун калпы чыкты (видео)

 

Бишкек шаарында өткөрүлгөн рейд учурунда Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Текшерүү маалында айдоочунун мас абалында экени аныкталып, наркологиялык экспертиза анын спирт ичимдигин ичкенин тастыктаган.

Маалыматка ылайык, айдоочу инспекторлор күч колдонуп, бутун жабыркатып койгонун айтып, "Тез жардам" кызматын чакырган. Бирок дарыгерлер текшерүүдөн кийин анын денесинен эч кандай жаракат табышкан эмес.

Ошондой эле айдоочу кызматтык милдетин аткарып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кемсинтип, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн.

Жыйынтыгында унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга мас абалында автоунаа башкарганы үчүн протокол түзүлгөн. Мындан тышкары ага майда бейбаштык боюнча да айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.






Бишкекте мас абалында унаа башкарган айдоочунун калпы чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: