super.kg logo

Бишкекте короолордун биринде мушташкандар кармалышты (видео)

 

Бишкекте короолордун биринде кошуналары менен мушташкан эки эргул кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 8-май саат 23:00 чамасында Орозбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда болду. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жерине барып, окуяга тиешеси бар жарандарды тергөөгө алып келди. Кармалган жарандар спирт ичимдигин ичкен абалда болушкан.

Учурда 1999-жылы туулган Ж.У. жана Э.И. аттуу жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде административдик протоколдор түзүлдү. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле башка жарандардын арыздарынын негизинде тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Жыйынтыгы менен юридикалык баа берилип, анын ичинде кылмыш ишин козгоо маселеси дагы каралат.

Тергөө иштери уланууда.






Бишкекте короолордун биринде мушташкандар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: