Бүгүн, 9-майда "Евразия Кыргызстан" аймактык өкүлчүлүгү Каракол шаарында "Аскер боткосу" аттуу акция уюштурду. Анын алкагында шаар тургундарына жана конокторуна салттуу жоокерлердин боткосунун 1000ден ашуун порциясы даярдалып, таратылды.
Жеңиш паркында талаа ашканасы уюштурулуп, "Евразиянын" ыктыярчылары шаардыктарды жана меймандарды согуш жылдарындагы салттуу тамак — тушенка кошулган гречка боткосу жана ысык чай менен сыйлашты. Акциясы советтик жоокерлердин эрдигин эскерген жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине болгон урматты даңазалаган жакшы салтка айланды.
Ошондой эле каалоочулар Жеңиш күнүнө арналган эскерүү иш-чараларына катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Катышуучулардын көбү үчүн бул акция жоокер боткосунан даам сызып гана тим болбостон, биримдиктин, ыраазычылыктын жана жалпы тарыхый эстутумдун өзгөчө атмосферасын сезүүгө шарт түздү.
"Евразия Кыргызстан" аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кымбат Урумкулова белгилегендей, 9-Май — муундарды бириктирген жана келечек муундардын тынчтыгы үчүн өмүрүн арнаган баатырларды эске салган ыйык майрам.
"Биз согуш талаасында жана тылда Жеңиш үчүн күрөшкөн каармандарды сыймык менен эскеребиз. Алардын эрдигин унутпай сактоо — биздин милдет. Быйыл “Евразия” уюму өлкөнүн аймактарында Георгий ленталарын таратуу боюнча салттуу акция өткөрдү. Ыктыярчылар ленталарды таратып жатып, анын тарыхый мааниси — Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына болгон урмат-сый жана ыраазычылыктын символу экенин түшүндүрүштү", — деди ал.