super.kg logo

Таш-Көмүрдө сел жүрүп, аймактардын бири көчкү алдында калды

 

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, айрым аймактарды суу каптады.

Өзгөчө кырдаал шаардык архитектура башкармалыгынын имаратынын артында катталган. Ал жерде көчкү жүргөнү маалым болду. ӨКМ билдиргендей, буга чейин аталган аймакка эски оорукананы бузгандан кийин курулуш таштандылары төгүлгөн.

Адистердин айтымында, катуу жаан-чачын менен курулуш калдыктары жер кыртышын бошоңдотуп, көчкүнүн жүрүшүнө себеп болушу мүмкүн.

Учурда тургундарга кооптуу жана суу каптаган аймактарга жакындабоо эскертилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: