АКШ бийлиги Иранга каршы мүмкүн болгон соккулардын планын даярдады
АКШнын Коргоо министрлиги Иранга каршы мүмкүн болгон соккулардын планын даярдаганын АКШнын CNN телеканалы жазды.
Андагы маалыматка ылайык, мүмкүн болгон бута катары Ирандын энергетикалык объектилери жана инфраструктурасы да каралууда.
Соккулардын планы Улуттук коопсуздук командасы менен өткөрүлгөн жыйында иштелип чыккан. Ал АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы жаңы аскердик соккуларды кайра баштоону буйруган учурда колдонулат.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Иран бири-бирине бир катар шарттарды коюшкан. Тегеран тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу үчүн беш талап койсо, ага жооп катары Вашингтон дагы өзүнүн беш шартын сунуштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















