super.kg logo

Дүйнөлүк рекорд... Футболдогу мушташта калыс 53 айып кагазын көрсөттү (видео)

 

Бразилиядагы Минас-Жерайс штатында өткөн футбол боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы беттеште массалык мушташ орун алды. Калыс оюнчуларга 53 айып кагазын көрсөттү.

Чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, окуя 1-ноябрда Уберландия менен Маморе командаларынын ортосундагы беттеш учурунда болгон. "Маморе" оюнчусу Дэви гол киргизгенден кийин атаандаш команданын оюн талаасынан сыртта турган футболчуларына шылдыңдаган жаңсоо кылган. Буга алар нааразычылык билдирип, массалык мушташ жаралган.

Протоколго ылайык, 43 оюнчу, 8 машыктыруучу жана эки клубдун жетекчиси оюндан четтетилген. Бул окуя рекор болуп калды. Анткени, мурунку дүйнөлүк рекорд 2011-жылы Аргентинада коюлган. Анда калыс 36 айып кагазын көрсөткөн.






Дүйнөлүк рекорд... Футболдогу мушташта калыс 53 айып кагазын көрсөттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: