
АКШда Ак үйдүн жанында куралчан адам менен Жашыруун кызматтын кызматкерлеринин ортосунда атышуу болуп, шектүү атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу президент
Дональд Трамп билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 23-майда болгон. Анда белгисиз адам курал алып чыгып, ок чыгара баштаган.
АКШнын Жашыруун кызматынын коомчулук менен байланыш башкармалыгынын жетекчиси Энтони Гульельминин айтымында, ошол учурда Трамп Ак үйдө болуп, бактыга жараша жабыркаган эмес.
"Жашыруун кызматтын кызматкерлери жооп иретинде ок чыгарып, шектүүнү жарадар кылышты. Ал жакынкы ооруканага жеткирилген соң дарыгерлер анын каза болгонун билдиришти. Ошондой эле атышуу учурунда көчөдө бара жаткан катардагы бир адам жаракат алды",- деп айтылат билдирүүдө.
Бул окуяга байланыштуу Трамп өзүнүн Truth Social тармагындагы баракчасында ок чыгарган адамдын Ак үйгө карата "өзгөчө кызыгуусу" болгонун жазып, коопсуздук кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылык билдирген.
Эске салсак, бул окуя Ак үйдүн журналисттерине арналган кечки сый тамактагы атышуудан бир ай
өтпөй катталды.