super.kg logo

Ливанда Израилдин соккусунан каза болгондордун саны 3 миңден ашты 

 

Израил аскерлери ок чыгарбоо келишимине карабастан Ливандын түштүк жана чыгыш аймактарына массалык соккуларды улантып жатышканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, 23-майга карата Израил армиясынын Ливанга жасаган тынымсыз чабуулдарынан каза болгондордун саны 3123 адамга жетти. Дагы 9506 ливандык ар кандай оордуктагы жаракаттарга дуушар болду.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, кагылышууларда 123 медициналык кызматкер мерт кеткен.

"Өлкөдөгү кырдаал 17-апрелде күчүнө кирген ок атышууну токтотуу режимине карабастан кескин курчуп жатат. Израил армиясынын расмий өкүлү Авихай Адраи X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө масштабдуу бомбалоолордун жаңы этабын кыйытып, Ливандын түштүгүндө жайгашкан Набатия-эль-Тахта, Кефр-Тебнит, Зибдин, Арабсалим жана Хаббуш сыяктуу 15 ири калктуу конуштун тизмесин жарыялады. Израил тарап жергиликтүү тургундарды тез арада эвакуацияланууга чакырды. Бул кырдаал жакынкы убактарда жаңы күчтүү аба соккуларынын күтүлүшүн көрсөтүп турат",- деп белгиленди маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: