super.kg logo

Окуучуларды, студенттерди баңгилик боюнча текшерүүдөн өткөрүү сунушталууда

 

Окуучулар менен студенттерди милдеттүү түрдө баңгизат колдонуп же колдонбогонун аныктоо үчүн текшерүүдөн өткөрүү сунушталууда. Тиешелүү Жогорку Кеңештин токтому парламент сайтындагы коомдук талкууга коюлду.

Документте 9-11 класстын окуучуларын, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттерин бир жылда 3 жолу медициналык кароодон өткөрүү каралган. Токтомду этап-этабы менен ишке киргизүү белгиленген. Ага ылайык, мындай иштер 1-сентябрдан баштап Бишкек жана Ош шаарларында башталмакчы.

Жогорку окуу жайга тапшырып жаткан абитуриент баңгизаттык текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктаган медициналык күбөлөндүрүүсүн тапшырууга милдеттүү болот.

Саламаттыкты сактоо министрлигине атайын лабораторияларды уюштурууга тийиш болсо, токтомдун аткарылышын Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети көзөмөлдөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: