Жаңы ачылган түндүк-түштүк жолунда жүрүүдө кайсы эрежелерди сактоо керек?
Бүгүн, 1-июндан баштап түндүк-түштүк альтернативдүү жолу ноябрга чейин унаа каттамдары үчүн ачылды.
Буга улай Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдун айрым тилкелери кооптуу бойдон калганын белгилеп, айдоочулар үчүн эскетүүлөрдү берди.
- Ылдамдык режимин так сактаңыздар;
- Каршы тилкеге чыкпоого жана кооптуу тилкелерде токтоп калбоого аракет кылыңыздар;
- Жол белгилеринин жана тиешелүү кызматтардын көрсөтмөлөрүн аткарыңыздар;
- Унаалардын техникалык абалын алдын ала текшерип алыңыздар;
- Өзгөчө этият болуп, аралыкты сактоо менен жүрүңүздөр.
Тоо беттеринен таш кулап кетүү, жол жээгиндеги кыртыштын көчүү коркунучу жана башка табигый факторлор орун алышы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:30
2026-06-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















