super.kg logo

“Активдүү узак өмүр” программасын ишке ашыруу боюнча алгачкы жыйын өттү

 

Бүгүн, 1-июнда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде “Активдүү узак өмүр” программасын ишке ашыруу боюнча алгачкы жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга агенттиктин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев төрагалык кылып, улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу жана алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Жолугушууда Курулуш министрлиги менен биргеликте карыларга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлаштырылган объектилерди куруу же жабдуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, ошондой эле бул багыттагы демилгелерге коомдук уюмдарды, бизнести жана эл аралык өнөктөштөрдү тартуу маселелери каралды.

Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте улгайган жарандар үчүн дене тарбиялык активдүүлүк программаларын уюштуруу, алардын ден соолугун көзөмөлдөө жана кыймыл-аракеттин аздыгынан келип чыккан оорулардын алдын алуу боюнча сунуштар талкууланды.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыкта улгайган адамдардын социалдык өз ара аракеттенүүсүн жана дене тарбиялык активдүүлүгүн арттырууга багытталган программаларды ишке киргизүү чаралары каралды.

Жыйындын жыйынтыгында “Активдүү узак өмүр” программасын ишке ашыруунун иш-чаралар планы талкууланып, алдыдагы милдеттер белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: