Арслан Койчиев Татарстан делегациясы менен жолугушту
Бүгүн, 1-июнда Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Татарстан Республикасынын экология жана жаратылыш ресурстары министри Азат Зиганшин жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда экологиялык коопсуздук, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланды.
Тараптар суу жана токой ресурстарын коргоо, экологиялык мониторинг жүргүзүү, жашыл технологияларды жайылтуу жана адистердин тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү боюнча пикир алышты.
Арслан Койчиев жакынкы күндөрү өтө турган юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумуна Татарстан өкүлдөрүнүн катышуусу эл аралык диалогду чыңдоого жана элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө салым кошорун белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар экология жана маданий-гуманитардык байланыштар багытындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















