Дүйнөдөгү эң кымбат банан Франциядагы көргөзмөдөн уурдалды
Франциянын Мец шаарында өткөн "Чексиз жекшемби" көргөзмөсүндө италиялык сүрөтчү Маурицио Каттеландын белгилүү "Комедиант" аттуу инсталляциясы уурдалды. Арт-объект дубалга күмүш түстөгү скотч менен жабыштырылган банандан турат.
Музей кызматкерлери жоголгонун 30-майда аныктап, полицияга кайрылышкан. Бирок көргөзмөнүн уюштуруучулары чыгарма зыян тартпаганын белгилешип, банандын ордуна жаңысын илип коюшкан.
"Комедиант" чыгармасы дүйнөлүк деңгээлде чоң талкуу жараткан. Алгачкы эки инсталляция 2019-жылы 100 миң доллардан ашык суммага сатылган. Кийин америкалык сүрөтчү Дэвид Датун бананды дубалдан алып жеп коюп, муну "Ач сүрөтчү" аттуу арт-перформанс деп атаган.
2024-жылы үчүнчү нускасын криптовалюта ишкери Жастин Сан 6,2 миллион долларга сатып алып, чыгарма кайрадан дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган.
Сүрөтчү Маурицио Каттеландын айтымында, "Комедиант" искусствонун баалуулугу тууралуу талаш-тартыштарды жаратуу үчүн ойлоп табылган. Бүгүнкү күнгө чейин бул чыгарма искусство сүйүүчүлөр арасында кызуу талкууланып келет.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















