super.kg logo

Агартуу министрлиги: Окуу жылы 15-сентябрда башталат

 
Өлкөдөгү мектептерде 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечим Агартуу министрлиги тарабынан кабыл алынды.
Ал эми окуу жылын 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалууда.
Окуу жылынын башталыш мөөнөтүн өзгөртүү боюнча сунуш өлкөдө өткөрүлө турган бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга (ред.: Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити, Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы) карата киргизилди.
Буга байланыштуу Агартуу министрлиги тарабынан билим берүү процессин уюштурууга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.
"Билим берүү программаларынын толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу максатында 6-11-класстардын окуучулары үчүн окуу жылынын жүрүшүндө ишемби күндөрү кошумча сегиз окуу күнүн өткөрүү каралууда. Кошумча окуу күндөрүнүн графиги мектептер тарабынан билим берүү процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өз алдынча түзүлүп, окуучулардын ата-энелери жана тиешелүү аймактык билим берүү башкаруу органдары менен макулдашылат",- деп жазылат расмий билдирүүдө.
Ал эми 1-5-класстардын окуучулары үчүн беш күндүк окуу жумалыгы боюнча учурдагы окуу режими сакталат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: