Министр Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарында сөз сүйлөдү
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын "Талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүдө, чыр-чатактардын алдын алууда жана жөнгө салууда ортомчулуктун ролу" аттуу темадагы дебаттарында сөз сүйлөдү.
Анда министр коопсуздукту чыңдоо боюнча аймактык аракеттерге токтолуп, Борбордук Азия мамлекеттеринин чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуудагы тарыхый жетишкендигин баса белгиледи.
Башкы ассамблея аймактагы өлкөлөрдүн жетишкендиктерин жогору баалады.
ТИМ башчысы Кыргыз өлкөсүнүн тынчтыкты, өз ара ишенимди жана кызматташтыкты чыңдоо максатында бардык мүчө мамлекеттер менен кызматташууга даяр экендигин ырастады. Ошондой эле ал Кыргызстан бул багытта жетиштүү тажрыйбага ээ экенин жана аймакта колдоого алынган конкреттүү иш-аракеттер программасын сунуштап жатканын белгиледи.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















