БШКнын мүчөлүгүнө сунушталгандардын тизмеси
Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөлөлүгүнө шайлоо үчүн сунушталган талапкерлер каралды.
Президент тарабынан Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева жана Бөдөш Мамырова сунушталган. Ал эми парламенттин "Эл Үмүтү – Ата-Журт" депутаттык тобу Тынчтык Шайназаровду, "Ала-Тоо" жана "Ишеним" топтору Сүйүнбек Касмамбетовду, "Ынтымак – Мекенчил" депутаттык тобу Лейла Лурованы, "Элдик" тобу Тимур Оторбаевди сунуштады.
Жыйынтыгында тармактык комитет аты аталгандарды БШКнын мүчөлүгүнө талапкер катары көрсөтүү сунушун жактырды.
Айта кетсек, жакында кабыл алынган мыйзам боюнча БШКнын мүчөлөрүнүн саны 12ден 8ге кыскарган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















