super.kg logo

Пайыздык чен төмөндөдү, унаа алуу кыялыңыз жакындады: BAKAI автокаржылоо шарттарын жакшыртты

 

BAKAI автонасыялоо жана автокаржылоо боюнча пайыздык ченди төмөндөткөнүн жарыялайт. Эми банк кардарлары унааны мурдагы 22% ордуна 18,5%дан башталган пайыздык чен менен тариздей алышат. Бул унаа сатып алууну дагы да жеткиликтүү кылат.

Жаңыланган шарттар төмөнкүлөрдү камтыйт:

✔️ пайыздык чен 18,5%дан башталат

✔️ каржылоо суммасы 18 млн сомго чейин

✔️ мөөнөтү 60 айга чейин

✔️ баштапкы төлөм 20%дан башталат

Жаңы шарттар жеке колдонуудагы же үй-бүлөлүк унаа үчүн ыңгайлуу сатып алуу форматын тандоого мүмкүнчүлүк берет.

Пайыздык чендин төмөндөшү – BAKAI’дын жеткиликтүү каржылык чечимдерди өнүктүрүү жана кардарларга ири сатып алууларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Жаңыланган шарттардын аркасында кардарлар каржылык жактан оорчулукту жеңилдетип, унаалуу болууга дагы тезирээк жете алышат.

«Кардарлар арасында автокаржылоого болгон кызыгуу жогору экенин көрүп жатабыз жана мындай чечимдерди мурдагыдан да жеткиликтүү кылууга аракеттенебиз. Жаңы шарттар үй-бүлөлүк бюджет үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу шартта унаа тариздөөгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз»,- деп белгилешти BAKAI’дан.

Автонасыяга же автокаржылоого арызды дароо азыр берсеңиз болот:

? BAKAI банктык бөлүмдөрүндө

? BAKAI мобилдик банкы аркылуу

BAKAI ыңгайлуулукту, digital-сервистерди жана кардарлар үчүн чыныгы пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү айкалыштырган заманбап каржылык чечимдерди өнүктүрүүнү улантууда






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: