Аракчи: "Израил агрессивдүү аракеттерди жасаса, Иран жооп берүүгө даяр турат"
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өлкө кайсы учур болбосун аскердик аракеттерди жандандырууга жана Израилге сокку урууга даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу Fars агенттигине таянып, чет элдик басылмалар жазышты.
ТИМ башчысынын айтымында, Ирандын куралдуу күчтөрү толук кандуу даярдыкта турат. Эгер Израил тараптан агрессивдүү аракеттер жасалса, дароо ага жооп кайтырылат.
"Израил Бейрутка каршы агрессия жасаса, биздин куралдуу күчтөр ага сокку урууга ар кандай учурда даяр" - деген ал.
Арагчи буга кошумча Иран менен АКШ ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















