super.kg logo

Трамп Иранга жаңы соккулар болушу мүмкүн экенин билдирди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандагы электр станцияларына жана көпүрөлөргө жаңы сокку урууга буйрук берүү чечимине жакындап калганын билдирди.

Бул тууралуу америкалык Fox News телеканалынын кабарчысы Трей Йингст президент менен болгон телефондук сүйлөшүүдөн кийин маалымдагандыгын чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Трамп Ирандагы электр станциялары менен көпүрөлөргө карата жаңы аскердик соккуларды жасоо боюнча буйрук берүүгө аз калганын айткан.

Буга чейин Трамп өзүнүн Truth Social баракчасында Иран сүйлөшүү процессин создуктуруп жатат деген пикирин билдирип, бул үчүн өлкө “баасын төлөй турганын” жазган.

Азырынча АКШ тараптан мүмкүн болгон соккулардын мөөнөтү же масштабы тууралуу расмий маалымат жарыялана элек. Бирок бул билдирүү Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалуунун күчөп жатканын көрсөтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: