Өзбекстанда бала бакчанын унаасында калып кеткен 3 жаштагы бала каза болду
Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда жеке үй-бүлөлүк бала бакчанын унаасында 3 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бала бакчанын тарбиялануучусу болгон 3 жаштагы бала мекеменин унаасында калып кеткен. Натыйжада ал көз жумган.
Министрлик бала бакчанын жетекчилиги жана кызматкерлери буга чейин балдарды ташуу эрежелерин так сактоо зарылдыгы тууралуу тиешелүү органдар тарабынан бир нече жолу эскертүү алышканын белгиледи.
Бирок быйыл 4-июнда жоопкерсиздиктен жана белгиленген талаптардын бузулушунан улам бала унаада калып, трагедиялуу окуя катталган.
Учурда бул факт боюнча укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле бала бакчанын ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкер менен түзүлгөн келишим токтотулганы маалымдалды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















