АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү Трамптын коркутууларына карабай уланууда
АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр АКШнын президенти Дональд Трамптын аскердик соккуларды күчөтүү тууралуу билдирүүлөрүнө карабастан уланууда. Бул тууралуу Fox News өз булактарына таянып жазып чыкты.
Телеканалдын маалыматына ылайык, мурда Трамп Ирандагы объекттерге, анын ичинде электр станцияларына жана көпүрөлөргө жаңы соккулар болушу мүмкүн экенин айткан.
Бирок АКШ администрациясынын жогорку даражалуу өкүлү сүйлөшүүлөр дагы эле токтобогонун белгилеп: “Сүйлөшүүлөр уланууда”, - деп билдирген.
Расмий өкүлдүн айтымында, АКШ Apache тик учагына жасалган чабуулга жооп кайтарып, Тегеранга “максималдуу басым” көрсөтүүнү улантат.
Маалыматтарга караганда, АКШ жана Израил 28-февралда Ирандагы объекттерге сокку урууну баштаган, ал чабуулдардын натыйжасында 3 миңден ашуун адам каза болгону айтылат. 8-апрелде Вашингтон менен Тегеран ок атышууну токтотуу тууралуу жарыялап, ал режим расмий түрдө азыркыга чейин сакталууда.
Ошол эле учурда эки өлкө ортосунда параллелдүү сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар өз ара түшүнүшүү боюнча алкактык меморандумду макулдашууга аракет кылууда. Бирок кээде тараптар бири-бирине жооп иретинде соккуларды жасашат. АКШ аскерлери мындай аракеттерди деңиз коопсуздугун камсыздоо жана “өзүн-өзү коргоо” деп түшүндүрүшсө, Иран жооп кайтаруу катары баалайт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















