АКШ Ормуз кысыгы жабылганы тууралуу маалыматты четке какты
АКШнын Борбордук командачылыгы Иран тарабынан Ормуз кысыгы жабылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу мекеме X социалдык тармагына жарыялаган.
"Коммерциялык кемелер бүгүн кечинде да Ормуз кысыгы аркылуу эки багытта тең өтүүнү улантууда",- деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Иран тарап Ормуз кысыгы АКШнын 11-июнда Иранга жана Перс булуңунун жээгиндеги бир нече шаарга жасаган чабуулдарынан кийин жабылганын жарыялаган. Буга удаа кысык жабылгандан кийин аны кесип өтүүгө аракет кылган эки кемеге сокку урулганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















