super.kg logo

Тегеран Ормуз кысыгы белгисиз мөөнөткө жабылганын тастыктады

 

Иран тарап Ормуз кысыгы белгисиз мөөнөткө жабылганын тастыктады. Бул тууралуу "The Times of Israel" басылмасы маалымдаган.

Мындай чечим аймактагы чыңалууга байланыштуу кабыл алынган. Ошондой эле Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө уруксат алган кеме компанияларга жана кеме операторлоруна кийинки көрсөтмөлөрдү күтүү сунушталган.

Ормуз кысыгы – дүйнөдөгү мунай жана суюлтулган жаратылыш газын ташуучу эң маанилүү жолдордун бири. Ал аркылуу Перс булуңундагы өлкөлөрдүн энергия ресурстарынын дүйнөлүк экспортунун олуттуу бөлүгү өтөт.

Буга чейин АКШнын Борбордук командачылыгы президент Дональд Трамптын буйругу менен Ирандагы бир катар объекттерге соккулар жасалганын билдирген. Чабуулдардан Ирандын түштүк аймактары жабыркаган. Бул кырдаалга байланыштуу Кувейт аба мейкиндигин убактылуу жапканын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: