Кара-Балтадагы "Жунда" заводуна бензин өндүрүшүн көбөйтүү тапшырмасы берилди
Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунай иштетүүчү заводуна ай сайын 24 миң тонна бензин өндүрүп, жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 50 миң тоннага жеткирүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, "Кыргыз Мунай Корпорациясы" заводду чийки мунай менен камсыздап, өндүрүлгөн күйүүчү май толугу менен Кыргызстандын ички рыногуна багытталат.
"Бул чараларды ишке ашыруу мунай заттарын ата мекендик өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, импорттон көз карандылыкты азайтууга жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган",- деп белгиледи билдирүүсүндө Төрөбаев.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы байкалып жаткандыгы айтылган. Кыргызстан күйүүчү майдын көпчүлүк бөлүгүн Орусиядан импорттойт.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















