super.kg logo

Конгодо эбола вирусунан каза болгондор 500дөн ашты

 

Конгода эбола вирусун жуктуруп алган жарандардын саны 1561ге жетти. Анын ичинен 506 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып эл аралык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ооруканаларда жана медициналык изоляторлордо 628 адам дарыланууда. Илдеттен толук айыккандардын саны 253тү түздү.

Эске салсак, май айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Борбордук Африкадагы эбола вирусунун жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган. Оорунун очогу өлкөнүн чыгышындагы Итури провинциясында катталган. Кийинчерээк вирус коңшулаш Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинцияларына, ошондой эле Уганда аймагына тараган.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо министрлиги Конгодо эбола вирусунун Бундибугио штаммын жуктурган бейтаптарды дарылоонун жаңы ыкмаларын клиникалык жактан изилдене баштаганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: