super.kg logo

АКШ менен Ирандын кезектеги сүйлөшүүлөрү Исламабадда өтүшү ыктымал

 

АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы Пакистандын Исламабад шаарында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Dawn ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Тараптардын сүйлөшүүлөрү 11-июлга пландалганы айтылган.

"Техникалык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө мүмкүн болгон эки жай бар. Анын бири – Пакистандын борбору, экинчиси – Швейцариянын Бюргеншток курорту", - деген ишенимдүү булак басымалмага.

Айтымында, сүйлөшүүлөрдү Исламабадда өткөрүү божомолу жогору. Акыркы чечим азырынча белгисиз бойдон калууда.

Эске салсак, 18-июнда Иран менен АКШ аралыктан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандум АКШнын деңиз блокадасын алып салуу жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү мөөнөттөрүн аныктамак.

24-июнда АКШ менен Ирандын ортосунда кыска мөөнөткө токтотулган техникалык сүйлөшүүлөр кийинки жумада кайра жанданары маалымдалган. Тараптардын сүйлөшүүлөрү Пакистан менен Катардын ортомчулугу алдында өтүп жаткан.

Бирок июнь айынын аягында АКШ менен Иран бири-бирине маал-маалы менен сокку уруп, аймакта чыңалуу жаралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: