super.kg logo

Венесуэла бийлиги жер титирөөдө каза болгондордун санын маалымдады

 

Венесуэладагы жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 3 миң 530 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын саны 16 миң 700дөн ашты, 17 миң 800 венесуэлалык турак жайсыз калды.

Өлкө өкмөтү ушул убакка чейин дайынсыз жоголгондордун расмий санын жарыялай элек. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму 50 миңден ашуун адам дагы эле дайынсыз болуп жатканын билдирүүдө.

Эске салсак, 24-июнда Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө катталган. Андан кийин 700дөн ашуун афтершок (кайталанган жер титирөөлөр) болгон.

Эң чоң кыйроолор Ла-Гуайра шаарында, ошондой эле Миранда, Арагуа, Карабобо, Лара жана Яракуй штаттарында катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: