super.kg logo

Чет өлкөдө төрөлгөн наристеге “Бала ырысы” жөлөк пулун кантип алса болот? Жол-жобосу

 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги наристе чет өлкөдө төрөлгөн учурда “Бала ырысы” жөлөк пулун кантип жол-жоболоштуруу зарылдыгын түшүндүрдү.
Маалыматка ылайык, наристе чет өлкөдө төрөлүп, "Түндүк" тиркемеси аркылуу "Бала ырысы" жөлөк пулуна арыз бергенде ката чыгып жатса, анда балага жеке идентификациялык номер бериле элек же ал ата-энесинин маалыматтарына байланыштырылбаган болушу мүмкүн.
Мындай учурда жакынкы Калкты тейлөө борборуна кайрылып, төмөнкү документтерди көрсөтүү зарыл:
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы,
  • Ата-энесинин биринин паспорту,
  • Эгер туулгандыгы тууралуу күбөлүк чет тилде болсо - анын кыргыз же орус тилине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу.
Эгер наристенин Кыргыз жараны деген паспорту жок болсо, анда Кыргыз жарандыгына таандык экендиги тууралуу маалымкат алуу керек. Аны да Калкты тейлөө борборунан алууга болот.
Маалымат үчүн: Жөлөк пулдун бул түрү өлкөдөгү 3 жашка чейинки балдарга берилет. Анын өлчөмү 1200 сомду түзөт. Жөлөк пулду алуу үчүн арыздар 1-июлдан тарта кабыл алына баштаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: