Иранда Хаменеи менен коштошуу аземинде 48 миңден ашуун адам меджардам алды
Ирандын каза болгон жогорку лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты учурунда 48 миңден ашуун адам медициналык жардам алды. Бул тууралуу ISNA маалымат агенттигине таянып басылмалар жазышты.
Ирандын "Тез жардам" кызматынын жетекчиси Жафар Миадфардын айтымында, 5-июлда саат 12:00дөн 16:00гө чейин жалпы 48 миң 804 адам мекеменин кызматынан пайдаланган.
"Жардам сурап кайрылгандардын 18 миң 222си көчмө медициналык пункттарда жардам алышкан. Алардын ичинен 54 адам ооруканага жаткырылып, 63 адамга амбулатордук хирургиялык операция жасалган. 18 миңден ашуун адам амбулатордук дарылануудан өтсө, 5 миң адамга инфузиялык терапия жүргүзүлгөн",- деген ал.
Ошондой эле "Тез жардам" кызматынын бригадаларына 30 миң 254 адам кайрылып, алардын 217си ооруканаларга жеткирилген.
Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин Тегеранга жасаган аба соккуларында каза болгон. Маркум лидерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-июлдан 9-июлга чейин уланат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















