Индияда нөшөрлөгөн жаан кырсыкка айланды: 13 адам каза болду

Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жаандан улам жер көчкү жүрүп, суу ташкындары катталды. Акыркы эки сутканын ичинде кырсыктардын кесепетинен 13 адам каза болуп, дагы 10 адам жаракат алды.
Бул тууралуу дүйшөмбү күнү штаттын өзгөчө кырдаалдар боюнча министри Гириш Махаджан билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, эң оор кырдаал Мумбай шаарындагы Манкхурд районунда катталган. Ал жерде имарат урап, алты адам каза болуп, дагы бир адам жаракат алган.
Мындан тышкары, нөшөрлөп жааган жаан жана жер көчкүлөрдүн кесепетинен штаттын бир катар аймактарында темир жол жана унаа каттамдары үзгүлтүккө учурады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:29
2026-07-27
9:25
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















