Кытайдагы катуу бороондон улам 8 адам каза болду
Кытайдын Хубэй провинциясында күн күркүрөп, катуу шамал жана торнадо менен коштолгон бороондун кесепетинен сегиз адам каза болуп, дагы бир адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттигине шилтеме берүү менен Kazinform басылмасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, табигый кырсык дүйшөмбү күнү саат 19:00дөн 23:00гө чейин Хуанши, Хуанган, Эчжоу жана Сяньнин шаарларын каптаган. Айрым аймактарда шамалдын күчү 13 баллга чейин жетип, бир катар жерлерде торнадо катталган.
Өзгөчө Хуанган шаарындагы Хуанчжоу районунун үч кичи районунда чоң зыян келтирилген. Шейшемби күнү таңкы саат 05:00гө карата 275 адам жабыркап, 408 тургун коопсуз жайларга эвакуацияланган. Учурда куткаруу иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:36
2026-07-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















