БУУ жасалма интеллекттин экологияга тийгизген таасири тууралуу эскертти

Жасалма интеллект (ЖИ) климаттык коркунучтарды алдын ала божомолдоого, токойлордун кыйылышын көзөмөлдөөгө жана сууну үнөмдүү пайдаланууга жардам берет. Бирок ошол эле учурда технология айлана-чөйрөгө чоң жүк жаратууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
БУУнун колдоосу менен даярдалган докладда ЖИнин өнүгүшү үчүн көп көлөмдө электр энергиясы, суу жана жаратылыш ресурстары керектелери айтылат.
Изилдөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, 2025-жылы дүйнөдөгү ЖИ системдери 32,6-79,7 миллион тонна көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарышы мүмкүн. Ошондой эле дата-борборлорду муздатуу үчүн жүздөгөн миллиард литр суу сарпталышы ыктымал.
Адистер жасалма интеллекттин экологиялык таасирин азайтуу үчүн эл аралык стандарттарды киргизип, технологиялардын энергия жана суу керектөөсү тууралуу маалыматтарды ачыктоону сунушташты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















