super.kg logo

Чолпон-Атада Садыр Жапаров менен Асиф Али Зардаринин жолугушуусу өттү

 

Бүгүн, 7-июлда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Рух-Ордо” маданий борборунда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилип, 40 этно-жоокер катышты.

Өз ара саламдашуудан кийин лидерлер Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң мамлекет башчылары Ардак кароолдун катарын кыдырып, лидерлер расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышты.

Андан кийин Садыр Жапаров менен Асиф Али Зардари протоколдук сүрөткө түшүү жана кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн №2 мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлуна өтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: