super.kg logo

Эми президентке Tunduk тиркемеси аркылуу онлайн кайрылууга болот

 

"Tүндүк" ААКсы Tunduk мобилдик тиркемесинде жаңы кызмат ишке киргизилгенин билдирди. Эми жарандар президенттин администрациясына расмий кайрылууларын кагаз жүзүндө тапшырбай эле, электрондук форматта жөнөтө алышат.

Маалыматка ылайык, жаңы кызмат мамлекеттик башкарууну санариптештирүү саясатынын алкагында ишке ашырылып, жарандардын мамлекеттик органдар менен байланышын жеңилдетүүгө багытталган.

Кызматты колдонуу үчүн Tunduk тиркемесине авторизациядан өтүп, башкы беттеги "Президентке кайрылуу" бөлүмүн тандоо керек. Андан соң кайрылуунун негизги маалыматтарын толтуруп, темасын жана мазмунун жазып, зарыл болсо кошумча документтерди тиркеп, социалдык макамын жана документтин түрүн көрсөтүү жетиштүү.

Кайрылуу булуттук электрондук кол тамга менен тастыкталып, документтин юридикалык күчү камсыздалат. Ошондой эле система кайрылууну автоматтык түрдө президенттин администрациясына жөнөтөт.

"Tүндүк" ААКсынын маалыматына караганда, жаңы кызмат жарандарга өлкөнүн каалаган жеринен бир нече мүнөттүн ичинде кайрылуу жөнөтүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары кабылдамага жеке баруунун же почта кызматын колдонуунун зарылдыгы болбойт, ал эми электрондук кол тамга жеке маалыматтардын коопсуздугун жана документтин юридикалык күчүн камсыздайт.

Мекеменин билдиришинче, бул сервис мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнүн маанилүү кадамдарынын бири болуп, жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусун кеңейтүүгө, административдик чыгымдарды кыскартууга жана кайрылууларды кароо процессинин ачыктыгын жогорулатууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: