Ошто 9 кабаттуу турак үйгө инженердик текшерүү жүргүзүлдү
Ош шаарындагы Спортивная көчөсү 5/1 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйгө инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү «СК Илбирс» ЖЧКсынын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлүп, имараттын үстүнө жеңил конструкциялардан террасасы бар пентхаус куруу мүмкүнчүлүгү бааланды.
Адистер курулуш объектисинин техникалык абалын текшерип, долбоордук документтерди изилдешти. Ошондой эле мамлекеттик курулуш ченемдерине жана сейсмикалык коопсуздук талаптарына шайкештигин аныктоо үчүн имараттын конструкциялык бөлүктөрүнө тиешелүү өлчөөлөр жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча расмий корутунду даярдалып берилери маалымдалды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















