super.kg logo

Өлкөдө спорттун жаңы түрлөрүн улуттук реестрге киргизүү маселеси талкууланды

 

Бүгүн, 7-июлда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде директордун орун басары Болотбек Ашыралиевдин төрагалыгы алдында Спорттун жана спорттук дисциплиналардын улуттук реестрине жаңы спорт түрлөрүн киргизүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө өлкөдө өнүгүп жаткан төмөнкү спорт түрлөрүн улуттук реестрге киргизүү маселеси каралды:

* кикбоксинг (ISKA);
* IMMAF (аралаш мушташ өнөрү);
* чүкө оюндары;
* суу-мотор спорту;
* алп-таймаш;
* ссирым (корей улуттук күрөшү).

Тийиштүү федерациялардын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү, мелдештерди өткөрүү тажрыйбасы, өнөктөштөр менен кызматташтыгы тууралуу маалымат берип, спорттун аталган түрлөрүн мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

Комиссиянын жыйыны өлкөдө өнүгүп жаткан спорттун түрлөрүн системалаштыруу, эсепке алуу жана алардын расмий макамын бекемдөө максатында өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: