super.kg logo

Садыр Жапаров менен Асиф Али Зардари Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты

 

Президент Садыр Жапаров жана Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари 7-июлда Кыргыз Республикасына болгон расмий сапардын алкагында Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында уюштурулган этномаданий программага катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчыларын салбуурун өнөрүнүн өкүлдөрү тайгандар жана алгыр куштар менен тосуп алышты. Андан соң төкмө акындар кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык мурасын тартуулашты.

Лидерлер көчмөндөрдүн маданиятын жана турмушун чагылдырган кол өнөрчүлүк устаканалары, боз үйдүн ички жасалгасы жана башка тематикалык инсталляциялар менен таанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаров Пакистан Президенти Асиф Али Зардариге улуттук баш кийим — ак калпак белек кылды.

Этномаданий программа жаа атуу, атчан каскадёрлордун өнөрү, алгыр куштар менен аңчылык жана тайгандардын жарышы сыяктуу улуттук оюн-зооктор менен жыйынтыкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: