Ошто курулуш мыйзамдарын бир нече жолу бузган компаниянын лицензиясы токтотулду
Ош шаарында курулуш мыйзамдарын жана ченемдерин бир нече жолу бузган «Алтын Строй Групп» компаниясынын курулуш лицензиясы токтотулду.
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, компания Курманжан датка көчөсүндөгү №54 даректе мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жана архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок көп кабаттуу турак жай куруп жатканы аныкталган. Бул боюнча компанияга 200 миң сом айып пул салынып, курулуш иштери токтотулган.
Кийинчерээк ушул эле компания Курманжан датка көчөсүндөгү №24 даректе дагы уруксат берүүчү документтерсиз жана курулуш талаптарын сактабастан жер казуу иштерин жүргүзүп жатканы аныкталып, ал объекттеги иштер да токтотулган.
22-июнда жүргүзүлгөн кайра текшерүүдө курулуш иштеринен улам тротуар бузулгандыгы тастыкталып, компанияга дагы 200 миң сом айып пул салынган.
Мындан тышкары мыйзамсыз курулуш иштерин улантуу жана өзүм билемдик белгилери боюнча материалдар Ош шаардык прокуратурасына жана УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жөнөтүлгөн.
Жол берилген мыйзам бузууларды эске алуу менен Курулуш министрлигинин атайын комиссиясынын чечими боюнча «Алтын Строй Групп» курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















