Жайыл районундагы социалдык объектилердин курулушу депутаттардын көзөмөлүндө
Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Эсенаманова менен Улукбек Узакбаев Чүй облусунун Жайыл районуна иш сапары менен барып, капиталдык оңдоо жана курулуш иштери жүрүп жаткан бир катар социалдык объектилерди жеринен көрүп чыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл өкүлдөрү Сосновка айылындагы «Ласточка» балдар бакчасындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жооптуу жетекчилердин маалыматына ылайык, бала бакчаны 31-августта пайдаланууга берүү пландалууда.
Мындан тышкары депутаттар Кара-Балта – Сары-Булак унаа жолунун жаңы асфальтталган 3 чакырымдык тилкесин көрүп, «Бакай Инпак» ишканасына жакын аймактагы жолду реконструкциялоо маселесин талкуулашты.
Иш сапардын алкагында Алексеевка айылындагы мектептин капиталдык оңдоо иштери жана 300 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу да каралды. Эл өкүлдөрү курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү зарылдыгын белгилеп, окуучулар үчүн бардык шарттар камсыздалышы керектигин айтышты.
Ошондой эле алар социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштери мамлекет тарабынан мындан ары да колдоого алынарын белгилеп, жаралган маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ыкчам чечүүгө даяр экенин билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















