Ошто жаңы агроөнөр жай комплекси курулуп, миңге жакын жумуш орду түзүлөт
Ош шаарында айыл чарбасын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы агроөнөр жай комплекси курулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор 71,35 гектар аянтта ишке ашырылып, аймак 18 лотко бөлүнөт. Анда эт жана сүт багытындагы мал чарбалары, ошондой эле эт-сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар курулат. Жер тилкелери фермерлерге жана жеке ишкерлерге ижарага берилет.
Долбоор толук ишке киргенден кийин миңге жакын туруктуу жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө. Учурда комплекс үчүн 1 миллиард сомдон ашуун инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле учурда Ош шаардык мэриясы тарабынан «Коңур-Жаз» тилкесинде көлөмү 20 миң куб метр болгон суу кампасы курулуп жатат. Ал пайдаланууга берилген соң агроөнөр жай комплексин жана анын айланасындагы 400 гектар кайрак жерди сугат суу менен камсыздап, фермерлер үчүн тоют өндүрүүнү жеңилдетип, айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүүгө шарт түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















