"Манас" аэропортундагы абал: Жылдырылган каттамдар эмне болот?
Бүгүн, 8-июлда "Манас" аэропорту ишин жандантканы менен авиакомпаниялар өз аба каттамдарын түштөн кийинки убакка жылдырышты. Андыктан алгачкы учактар түштөн кийин учуп жана жана конуп баштайт.
"Авиакомпаниялар аэропорт менен макулдашуу аркылуу өз алдынча чечим кабыл алышат. Айрымдары каттамдарын саат 14:00гө, башкалары саат 16:00гө жылдырышты. Бирок бүгүн түнкү саат 00:00гө чейин убактылуу жылдырылган бардык каттамдар аткарылып бүтөт. Ал эми 9-июлдан тартып каттамдардын кадимки графиги толугу менен калыбына келет",- деп билдиришти аэропорттон.

Ал эми кечээ аткарылбай калган калган каттамдын жүргүнчүлөрүнө тамак берилип, андан кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү. Компенсация маселесин жүргүнчүлөр авиакомпаниялар менен жеке чечишип алуусу кажет экендиги маалыматта кошумчаланды.
Башка жакка багытталган каттамдар:
- SU 1886 (Аэрофлот) Шереметьево → Бишкек — пландалган конуу убактысы 16:35, Ош аэропортуна багытталган.
- S7 5541 Новосибирск → Бишкек — пландалган конуу убактысы 16:10, Алматы аэропортуна багытталган.
- K9 152 (Tez Jet) — пландалган конуу убактысы 16:40, Ош аэропортуна багытталган.
- YK 884 (Avia Traffic) Домодедово → Бишкек — пландалган конуу убактысы 17:30, Ош аэропортуна багытталган.
- AZG 815 Баку (жүк ташуучу учак) — пландалган конуу убактысы 16:40, Алматы аэропортуна багытталган.
- TK 6572 (Turkish Cargo) (жүк ташуучу учак) — пландалган конуу убактысы 16:50, Шымкент аэропортуна багытталган.
- YK 880 (Avia Traffic) Санкт-Петербург → Бишкек — пландалган конуу убактысы 19:00, Ош аэропортуна багытталган.
Жокко чыгарылган каттамдар:
- FZ 1087 / FZ 1088 Дубай — Бишкек — Дубай каттамы жокко чыгарылган.
- KC 109 / KC 110 Алматы — Бишкек — Алматы каттамы жокко чыгарылган.
- MN 07 / MN 08 (Асман) Бишкек — Ош — Бишкек каттамы жокко чыгарылган.
Жылдырылган каттамдар:
- GL 8531 / GL 8532 (Чэнду):
- келүү — 18:30;
- учуп кетүү — 19:30.
- TW 437 / TW 438:
- келүү — 22:30;
- учуп кетүү — 23:20.
- Avia Traffic:
- YK 959 — учуу убактысы 02:05ке (08.07.2026) жылдырылган;
- YK 960 — келүү убактысы 11:35;
- YK 743 (Красноярск) — учуу убактысы 16:00.
- Асман:
- MN 05 — Ошко учуу 16:00;
- MN 06 — келүү 18:35;
- MN 15 — учуу 19:05;
- MN 16 — келүү 21:40.
Окуянын жагдайы кандай болду?
Кечээ, 7-июлда Бишкек-Ош багыты боюнча жөнөгөн "Тез Жет" компаниясынын учагынын арткы дөңгөлөгү жарылып, учак "Манас" аэропортунун учуп-конуу тилкесинде калып кетти. Мындан улам аба каттамдары жылдырып, бүгүн, 8-июлда саат 9:00дө гана аба майданы ишке берилди.

Аэропорттун жабылышынын негизги себеби учактын учуп-конуу тилкесине токтоп калышы жана учактан тилкеге аккан күйүүчү май болду. Учурда учак тилкеден жылдырылып, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бортто жалпы 187 жүргүнчү болгон. Алардын 181и жүргүнчү, экөө учкуч, төртөө борт коштоочу.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















